Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

Турганбеков: Нарымбаев чалып, Түлеевдин кызын кабыл алыңыз деген


Ушу тапта сотто күбө катары көрсөтмө берип жаткан Жогорку Соттун төрага орун басары Канатбек Турганбеков ага Данияр Нарымбаев чалып, Нариман Түлеевдин кызын кабыл алып коюңуз деп суранганын айтты. Ошондой эле ал Түлеевдин кызы соода борборун камактан чыгарууну суранганын, бирок ал баш тартканын билдирди. Турганбековдун белгилешинче, Нарымбаев "Түлеева Германиядан башпаанек сурады, ошондуктан ал ишти тездетүү керек" деп айткан.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жатат.

5-октябрдагы соттук жараянда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл, агасы Бакыт менен иниси Нарынбек суралган. Назгүл Түлеева кылмыш ишти жеңилдетүү максатында пара талап кылынганын билдирген.

Быйыл 15-июлда Коркмазов камакта отурган Түлеевдин ишин жеңилдетүү максатында анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган. (UEz/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG