Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Назарбаев менен Путин Тажикстандагы кырдаалга кабатыр


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев орус лидери Владимир Путин экөө Тажикстандагы акыркы кырдаалга кабатырланып жатышканын билдиришти. Казакстандын баш калаасы Астанада эки жетекчи жолугушкан соң бүгүн биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Назарбаев Казакстан ар дайым Орусиянын эң жакын коңшусу жана өнөктөшү бойдон кала берерин белгилеп, Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине кошулгусу келген өлкөлөр көп экенин маалымдады. Назарбаев акыркы мезгилде Ооганстан менен чектешкен Тажикстандагы кырдаал аймакка коркунуч жаратып жатканын кошумчалады.

Владимир Путин Казакстан менен кызматташтык мындан ары да мыкты уланарын айтып, Каспий деңизинен мунай алууда эки өлкөнүн “планы чоң” экенин белгиледи.

Путиндин Казакстанга иш сапары бул өлкөгө украин лидери Петр Порошенко келип кеткенден бир апта өтпөй башталды.

XS
SM
MD
LG