Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Обама Ооганстанда калчу аскер санын эми айтат


АКШ президенти Барак Обама Ооганстандан аскерлерди чыгаруу ишин жайлатып, 2016-жылдан кийин бул жерде 5,5 миң аскер каларын жарыялай турганы маалымдалды. Жаңы өзгөрүүлөр тууралуу Обама бүгүн Вашингтондон атайын билдирүү жасамакчы.

Расмий маалыматтарга караганда, азыркы тапта Ооганстандагы 9 миң 800 АКШ аскеринин саны2017-жылдан кийин 5,5 миңге түшмөкчү. Обама аз илгерээк аскерлердин бир кыйласын АКШнын Кабулдагы элчилигинде калтырып, көбүн чыгарып кетерин айтып келген.

АКШ баштаган коалициянын Ооганстандагы согуштук операциялары 2014-жылы 13 жылга созулган убакыттан кийин аяктап, бир жылдан бери Ооганстандагы коопсуздукту сактоо милдети жергиликтүү күч түзүмдөрүнө берилген. Аларга НАТО менен АКШнын аскерлери көмөк көрсөтүшөт.

Бирокооган күч түзүмдөрү Кундуз шаарында талибдер менен салгылашууда кыйынчылыкка учурап, АКШ аскерлеринин колдоосун алышкан. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG