Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

Косово парламентинде көздөн жаш агызчу газ атылды


Косово парламентинде оппозициячыл депутаттар нааразылыгын билдирип, көздөн жаш агызуучу газды жыйындар залына алып кирип аттырышты.

Бул акыркы апталарда экинчи ирет болуп жаткан окуя. Оппозиция мүчөлөрү мындай жол менен жыйындын ишин токтотууга аракет кылышкан.

Косово менен Сербиянын ортосундагы ымалага Европа Биримдиги киришкенден бери ушундай нааразычылыктар күч алды. Оппозиция мүчөлөрү Сербиянын таасири артып, өлкөдө улуттар аралык чыңалуу жаралат деп эсептешет. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG