НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Монтенегрону куралдуу күчтөрдө реформаларын улантууга чакырды. Бул уюм декабрь айында аты аталган Балкан өлкөсүн НАТОго кабыл алып, албоо чечимин жарыялаганы турат.
15-октябрда Подгориядагы мыйзам чыгаруучуларга кайрылып жатып Столтенберг: “бул өлкөнүн эл аралык коопсуздук жана Чыгыш Балкандардагы кызматташтык боюнча реформаларынын жигердүү болуп жатканын байкадык. НАТОнун көмөгү менен Монтенегро куралдуу күчтөрүн менен чалгындоо кызматын жаңылады”, - деп билдирди.
Столтенберг НАТОнун элчиликтерине эки күндүк иш сапар менен чыккан.
2006-жылы көз карандысыз болгондон бери Монтенегронун бийлиги НАТОго мүчө болуу сунушун билдирип келет.