Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Улуттук драма театр театралдык сезонун ачат


Бүгүн Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры быйылкы жылдын сезонун ачат.

Ал Чыңгыз Айтматовдун "Чынгызхандын ак булуту” спектакли менен башталат. Аны түркмөн режиссеру Какажан Ашыров койгон.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган театрдын директору Темирлан Сманбеков кабарлады. Ошондой эле бул жолку сезондо “Саманчынын жолу” дүйнөлүк классикага айланган “Картаң айымдын келиши" жана окумуштуу Чокан Валиханов тууралуу спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланат.

Театралдык сезондун ачылышына премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG