Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Навальныйдын фонду Навканы АКШ мыйзамдарын бузду деп айыптоодо


Алексей Навальныйдын жемкорлук менен күрөшүү фонду атактуу фигурист Татьяна Навка Америка Кошмо Штаттарынын салык боюнча мыйзамдарын бузганы үчүн АКШнын салык органдары тарабынан жоопко тартылышы керек деп билдирди.

Бейөкмөт уюмдун маалымдашынча, Навка 2015-жылдын январында Новорижск шоссесинен 20 миллион доллардык жер тилкеси менен үй сатып алган. Бул убакта ал президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго турмушка чыга элек болчу.

Олимп оюндарынын чемпиону Татьяна Навка 1992-жылдан 2006-жылга чейин АКШда жашап, көптөгөн теле-жарнактарга тартылган. Аталган фонд 20 миллион доллардык үйдү насыясы жок эле алуу өтө күмөндүү деп эсептейт. Навальныйдын фонду Навканын Нью-Йорк жана Москвада менчик батирлери бар, Навка АКШнын мыйзамдуу салык төлөй турган тургуну экенин белгилейт. Навканын кымбат баалуу кол саат тагынганы да мурда коомдо ар кандай пикирди жараткан. Фонддун өкүлдөрү анын байлыгы күйөөсү Песковго таандык деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG