Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Евробиримдик жана Түркия миграция кризисин чечүү планын макулдашты


Евробиримдиктин жана Түркия лидерлери Брюсселдеги саммитте миграция кризисин жөнгө салуу боюнча алдын-ала пландарын макулдашты. Анда мигранттардын Европага агылып келүүсүнө чек киргизүү жолдору каралган. Бул тууралуу Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер кабарлады.

Буга чейин Сириядан келген 2 млн. жакын качкындарды кабыл алган Түркия Еврокеңештен 3 млрд. евро жардам сураган болчу. Бул каражат качкындарды кабыл алуучу борборлорду курууга зарыл экени айтылган. Ошондой эле Шенген аймагына кирүүнү каалаган түркиялыктар үчүн виза режимин жеңилдетүүнү сураган.

Юнкер Түркия сураган каржылык жардам Европа биримдигине кирген мамлекеттер ортосунда жакын арада сүйлөшүлөрүн, ал эми виза маселесин чечүү тездетилерин кошумчалады.

Буга чейин Германиянын канцлери Ангела Меркел Европадагы качкындар кризисинде Түркия чечүүчү роль ойноп, тарыхый милдети бар экенин айтып, бирок Европа биримдиги Анкарага көмөк көрсөтүшү зарыл деп билдирген.

Саммиттин катышуучулары Түркиянын Европа кеңешине кошулуу арызын создуктурбоо убадасын беришти. Европа биримдигинин лидерлери 15-октябрда Брюсселде жолугуп, качкындар көйгөйүн талкуулашты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG