Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Жарадар болгон түрмө кызматкери каза болду


Түрмөдөн качкандардын колунан жарадар болгон абактын кызматкери, подполковник Тилек Абылгазиев алган жараатынан улам эсине келбей түнү көз жумду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады. Ага буга чейин операция жасалып, реанимация бөлүмүндө болчу.

Кыргызстанда катуу кайтаруудагы №50 абактан террорчулук үчүн соттолгон 9 киши 3 кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, калган төртөө али күнчө дайынсыз болууда. Учурда өлкө боюнча күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG