Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Милиция түрмөдөн качкандарды Энесай конушунан издөөдө


Милиция жана атайын кызматтын өкүлдөрү №50 абактан качкан кылмышкерлерди Бишкектеги Энесай жаңы конушунан издеп жатышат. Жергиликтүү тургундардын “Азаттыкка” айтуусунда, издөө иштери түнү менен жүргөн. Алар издөөдөгү качкындарды мечиттен көрүшкөнүн милицияга кабарлашкан. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттыкка" ырасташынча, келип түшкөн маалыматтарды текшерүү үчүн аталган аймакта издөө иштери жүрүүдө.

12-октябрда Кыргызстанда катуу кайтаруудагы №50 абактан террорчулук үчүн соттолгон 9 киши 3 кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, калган төртөө али күнчө дайынсыз болууда. Учурда өлкө боюнча күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Улуттук коопсуздук комитети алар тууралуу маалымат бергендерге 300 миң сом сыйпул жарыялаган.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG