Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

ИИМ: Кадыралиев бычак менен милицияга кол салган учурда өлтүрүлдү


Ички иштер министрлигинен расмий алынган маалыматка караганда, абактан качкандарды кармоо учурунда кылмышкер Данияр Кадыралиев бычак менен милиция кызматкерлерине кол салган. Натыйжада милиция ок ачып, аны өлтүргөн.

Маалыматка ылайык, кечээ түндө абактан качкандардын экөө Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев “Дордой” базары жакта жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Атайын топ түнү бою аймакта издөө иштерин жүргүздү. Эртең менен “Дордой-1” жаңы конушундагы издөө учурунда Данияр Кадыралиев милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, милиция ок чыгарууга аргасыз болгон. Маалымат боюнча Кадыралиевге үч ок тийип, өлгөн.

Азамат Мүсүралиев качып кетүүгө жетишкен. Учурда аны издөө иштери уланууда.

Милициянын маалыматы боюнча качкандар ээн үйдө жашынып жатышкан.

Качкандардын экөө: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахмановдун дайыны белгисиз.(ZKo)

XS
SM
MD
LG