Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Энесай конушундагы 10-көчөдө жайгашкан үйдү милиция тинтүүгө алды


Окуя болуп жаткан жерден кабарчыбыздын маалымдашынча, учурда үйдүн ээси милицияларга көрсөтмө берүүдө. Ал түндө үйүндө болбогонун билдирген. Маалыматтар боюнча үйдө абактан качкандар жашынып жатышы ыктымал.

Жергиликтүү жашоочулар “Азаттыктын” кабарчысына атышуунун үнүн укканын билдиришти.

Операцияга катышып жаткан милиция кызматкерлери маалымат берүүдөн баш тартышууда.

Абактан качкандардын экөө Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев “Дордой” базары жакта жүргөнү тууралуу 15-октябрда түндө маалымат түшкөн. Милициянын атайын тобу түнү бою аймакта издөө иштерин жүргүздү. Эртең менен “Дордой-1” жаңы конушундагы издөө учурунда Данияр Кадыралиев милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, милиция ок чыгарууга аргасыз болгон. Маалымат боюнча Кадыралиевге үч ок тийип, набыт болгон.

Азамат Мүсүралиев качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда аны издөө иштери уланууда.(ZKo/SDz)

XS
SM
MD
LG