Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Пакистандын ядролук куралдары Ак үйдү кооптондурууда


Пакистандын ядролук бомба менен дүрмөттөлчү Раад канаттуу ракетасы сыноо учурунда.

Пакистандын ядролук бомба менен дүрмөттөлчү Раад канаттуу ракетасы сыноо учурунда.

Пакистандын ядролук арсеналынын коопсуздугу премьер-министр Наваз Шарифтин келерки жумада Вашингтондо өтчү жолгушууларында талкууланат. Ак үйдүн маалымдашынча, президент Обаманын кеңсеси Пакистан чукул арада аскерлерге пайдаланууга бериши ыктымал деген ядролук-тактикалык куралдары согушчандардын колуна тийип калышы мүмкүн экендигинен чочулоодо.

Ак үй Пакистандын каршылашы Индияга жетчү ядролук ракеталарды “дүрмөткө” койдурбоонун жана ядролук технологияны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн катаалдантуунун аргасын издеп жатканын 15-октябрда “Нью-Йорк Таймс” гезити да жазды.

Бирок Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест келечекте Пакистандын ядролук программасын чектөө боюнча келишимге кол коюу ыктымалдыгын четке какты. Мындай келишимге жайында Иран жана дүйнөнүн алты бакубат өлкөсү кол коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG