Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Абактан качкандарды издөө операциясы уланууда


Милициядан кабарлашкандай, абактан качкандардын бири Азамат Мүсүралиев изделип атат. Издөө иштери “Дордой” базары жана айланма жол тарапта жүрүүдө. Маалыматка караганда, абактан качкан Азамат Мүсүралиевди аймактан көргөндөр болгон.

Бүгүн эртең менен ички иштер кызматкерлери абактан киши өлтүрүп качып чыккан төрт качкындын бири Данияр Кадыралиев куралдуу каршылык кылганы үчүн жок кылынган. Анын жанындагы Азамат Мүсүралиев качып кетүүгө жетишкен.

Абактан качкандардын экөө Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев “Дордой” базары жакта жүргөнү тууралуу 15-октябрь түндө маалымат түшкөн. Милициянын атайын тобу түнү бою аймакта издөө иштерин жүргүздү.

Дагы экөө: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахмановдун дайыны белгисиз.(ZKo)

XS
SM
MD
LG