Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Обама менен Эрдоган "ИМге" каршы күрөштү талкуулашты


Президент Барак Обама(оңдо) жана Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Ак үйдүн багындагы пресс-конференцияда. Вашингтон, 16-май 2013
Президент Барак Обама(оңдо) жана Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Ак үйдүн багындагы пресс-конференцияда. Вашингтон, 16-май 2013

АКШ менен Түркия президенттери “Ислам мамлекети” тобунун жихадчыларына каршы күрөштү күчөтүү жана Сириянын байыстуу оппозициясын күчтөнтүү тууралуу макулдашты.

Барак Обама менен Режеп Тайып Эрдоган 15-октябрдагы телефон баарлашуусунда тыйуу салынган Күрт жумушчу партиясы - КЖПнын Түркиядагы чабуулдарын ыкчам токтотуусу зарыл экендигин белгилешти. Мындай маалыматты Ак үйдөн таратышты.

10-октябрда Анкарадагы жардыруудан 99 адам курман, 100дөн ашуун жаран жарадар болушкан. Түркия калайманды “Ислам мамлекетинин” жанкечтилери жасады деп күнөөлөөдө.

Президенттердин телефондогу сүйлөшүүсү Анкара сириялык козголоңчуларга АКШ жөнөткөн куралдар КЖП согушчандарынын колуна түшүп калышы ыктымалдыгын билдирип, тынчсыздана баштагандан кийин өттү.

XS
SM
MD
LG