Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:48

Курчоодо турган бала бакчада эки бала калды


Калган балдарды ата-энелери алып кетишти, деп билдирди окуя болуп жаткан жердеги кабарчыбыз.

Мурдараак курчалган аймактагы жеке бала бакчадагы балдарды ата-энелери ала албай жатканы кабарланган болчу. Маалыматка караганда, балдар бакчасы ичиндеги балдар жана тарбиячылары менен кошо милициянын кайтаруусунда турат.

Күч кызматтары түрмөдөн качкандарды издөө иштерин 16-октябрдын таңынан бери “Дордой” базары тараптагы жаңы конуштарда жүргүзүүдө. Аймактагы "Энесай" жаңы конушундагы ээсиз үйдөн качкандардын бири Данияр Кадыралиевди кармоо учурунда ал милицияга каршылык көрсөтүп, жок кылынды.

Ушу тапта оперативдик маалыматка байланыштуу дагы бир кылмышкер Азамат Мүсүралиевди кармоо боюнча операция улантылууда.(SDz;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG