Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Анттан тайдырган мандат талаш


"Республика-Ата-Журттун" курултайы. 20.10.2014
"Республика-Ата-Журттун" курултайы. 20.10.2014

“Республика – Ата-Журт” партиясынын онго жакын талапкери тизмеден чыгуу боюнча арыз жазбаганын айтып, БШК алдына митингге чыгышты.

Депутаттык мандат алуу “бактысынан” ажыраган “Республика – Ата-Журт” партиясынын талапкерлери спорттук дене түзүлүштөгү жигиттердин коштоосунда БШК алдына митингге чыгышты. Алардын бири Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына “Ата-Журт” партиясынан депутат болгон Кантемир Мурзабеков. Ал тизмеден чыгуу боюнча арызды өз колу менен жазбаганын айтууда. Мурзабеков талапкерлер тизсмесинде 37- орунда болчу.

- Бул жерге нааразы болгон ондой талапкер келди. Алар да арыз жазган эмес. БШКдан биздин атыбыздан жазылган арыздардын көчүрмөсүн бергиле десек бербей жатат. Керек болсо депутат болгонума карабай эшиктен киргизбей коюшту. Мыйзам боюнча БШКга адеп тапшырылган тизме боюнча мандат берилиши керек болчу. Азыркы иштер мыйзамга каршы келет.

"Республика-Ата-Журт" партиясынын курултайы. 20.10.2014
"Республика-Ата-Журт" партиясынын курултайы. 20.10.2014

Тизмеден чыгарылганына чычалагандардын арасында Камчыбек Ташиевди актайм деп иштен айдалган Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы, тизмеде 11-орунда турган Курманкул Зулушев да бар. Ал жетиштүү добуш топтой албай, тизмеден четтетилген.

Деген менен “Республика – Ата-Журттун” атынан мандат алам деп кудуңдап турган талапкер Мирлан Жээнчороев митингге чыккандар шайлоодо жетиштүү добуш топтой албай, берген анты боюнча арыздарын өз колу менен жазган деп ишендирүүдө.

- БШК баарын мыйзам чегинде чечти. Алар тизмеден чыгуу боюнча арыз жазган. Анын үстүнө ар бир талапкер шайлоо алдында жетиштүү добуш албасам, тизмеден чыгам деп ант берген. Ар бири ошондой келишимге кол койгон. Эми мандатка жетпей чычалап жатышат.

Жээнчороев партия БШКга тапшырган талапкерлер тизмесинде 33-орунда болчу, азыр 18ге жылган. Тизмеде орун которгондордун арасында вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиев да бар. Ал 78-орундан 27ге, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев талапкерлер тизмесинде 66-орундан 25ке жылды.

"Республика-Ата-Журттун" нааразы болгон тарапкерлери
Мандат талашкан талапкерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Боршайкомдун мүчөсү Рашид Бекбасаров мандат бөлүштүрүү партиянын ички маселеси экенин эске салат. Анын айтуусунда, БШК жазылган арыздарды гана канааттандырат.

- Алар арыз жазбаса, биз тизмеден чыгара албайт элек. Арыздарды асмандан алмак белек? Бизге жазышты, карап туруп канааттандырдык. Көчүрмөлөрүн көрсөткүлө дейт. Тытып салсак ким жооп берет? Бардык арыздар БШКда.

БШК 15-октябрда өз арыздарынын негизинде “Республика – Ата-Журттан” 70, “Кыргызстан” партиясынан 45 жана “Өнүгүү-Прогресстен” 16 талапкерди тизмеден чыгарган.

“Республика – Ата-Журт” партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 28 мандатка ээ болгон. Партия лидерлери “Азаттыкка” курган маегинде талапкерлердин ар бири "жетиштүү добуш албасам тизмеден чыгам, чыкпасам балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын, кудай урсун" деген таризде шайлоо алдында ант бергенин танган эмес.

"Республика-Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин ант тууралуу берген маеги. 21.08.2015
Бабанов: Анттын текстин Ташиев экөөбүз жазганбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:24 0:00

XS
SM
MD
LG