Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Венгрия Хорватия менен чек арасын жабат


Венгрия Хорватия менен чек арасын 17-октябрда жапканы турат. Бул чара Сирия, Ирак, Ооганстан жана Африканын коогалаңдуу бөлүктөрүнөн качкан бозгундардын көчүн токтотууга багытталганын өлкөнүн тышкы иштер министри Улуттук коопсуздук кеңешинин жума күнкү жыйынынан кийин жарыялады.

Венгрия буга чейин Евробиримдикке умтулган мигранттардын агымына бөгөт коюу үчүн Сербия жана Хорватия чек арасын коргондоп чыккан жана 15-сентябда Сербия менен чек арасын жапкан болчу. Быйыл Венгрияга 383 миңден ашык мигрант кирген. Алардын дээрлик баары Германияга жана Евробиримдиктин башка байгер өлкөлөрүнө барган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG