Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Өзбекстанда шарият кийиминдеги кишилер мечитке киргизилбей жатат


Исламий мүнөздөгү кийимдеги кишилерди мечиттерге киргизбөө өнөктүгү Наманган облусунда башталды. “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, мечит босогосунда милиция ар бир адамды кылдат текшерип, шарият кийиминдегилерди, ак топучандарды артка кайтарып жиберүүдө. Мындай текшерүүлөр айрыкча, жума намаз учурунда күчөгөнү айтылат. Жашы жете элек балдар мечитке келбесин деген да чечим чыкты.

Мурдараак Өзбекстанда аялдардын хижаб кийүүсүнө, жоолукту моюндан алып ороого тыюу салынган. Коңшу өлкө муну экстремизмге каршы күрөшүү ыкмасы катары түшүндүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG