Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Ошто жоолукчан кызды мектепке киргизбей жатышат


Ош шаарындагы “Олимп” мектебинин 9-класстагы окуучусу Камила Якубова жоолук салынып келгени үчүн мектепке кирбей калды. Бул тууралуу кыздын жактоочусу, “Мен жана мыйзам” укуктук уюмунун өкүлү Замир Адигинеев “Азаттыкка” билдирди.

“Олимп” мектебинин жетекчилиги Якубованы оромол менен ээгин жаап келгени үчүн эскертүү берип, окуу жылынан башынан тартып кабыл алган эмес. Аталган мектептин жанында жашаган окуучу кыз, аргасыз үйүнөн алыс жайгашкан мектепке каттап окууда.

Адвокат Адигинеев директордун бул аракети мыйзамсыз экенин айтып, Ош шаардык прокуратурасына кайрылган. Ал эми прокуратура мектеп администрациясынын чечимин колдоп билдирүү берген.

“Олимп” мектеп-гимназиясынын директору Александр Язов болсо бирдиктүү форма тууралуу мектептин жобосуна ылайык окуучу кызды жоолукту чечүүсүн талап кылганын айтууда.

Ошто акыркы беш жылда жоолук салынган окуучуларды мектепке киргизбей койгон 10 чакты факты катталган. (ErN)

XS
SM
MD
LG