Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:35

Баткенде дайынсыз жоголгон алты бала изделүүдө


Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жашы жетелек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынан “Азаттыка” билдиришкендей, жыл башынан бери аймактан 43 бала дайынсыз жоголду. Анын ичинен 37 өспүрүм табылып, алтоо издөөдө.

Аталган бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жыл башынан бери 18 жолу атайын рейд өткөрүлүп, окубай жүргөн эки бала мектепке жөнөтүлгөн.

Облус аймагынан жыл башынан бери сегиз өспүрүм өз өмүрүнө кол салып каза болгон.

Баткен облусунан чет өлкөгө жумуш издеп кетип, жакындарынын үй-бүлөлөрүндө тарбияланып жаткан 10 миңден ашык бала бар. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG