Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:26

Анкарадагы жардыруу курмандыктары 102 кишиге жетти


Өткөн ишемби күнү Анкара шаарында жанкечтинин бомбасынан жараат алгандар арасынан үч киши 16-октябрда каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирип, каргашада жантаслим болгондор саны 102ге жеткенин маалымдады.

Башкы көзөмөл органы теракт уюштурууга шектелген 13 адам сурак берип жатканын кошумчалады. Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу алардын айрымдары Сириядагы согушка катышып келгенин, “Ислам мамлекети” террордук тобу же күрт согушкерлери менен байланышы барын айткан.

Анкарада 10-октябрь күнү кесиптик кошуун уюмдарынын терроризмге каршы митингинде борбордук темир жолдун жанында эки жардыруу болгон. Окуядан кийин укук коргоо органдарында иштеген бир катар жетекчилер иштен алынган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG