Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Кылмышкерди издөө маалында бир милиционер өз бутун атып алды


Дордой 1 жаңы конушундагы операция. 16-октябрь, 2015-жыл
Дордой 1 жаңы конушундагы операция. 16-октябрь, 2015-жыл

Бишкекте абактан качкан кылмышкерлерди издөө учурунда, 16-октябрь күнү бир милиция кызматкери өз бутуна кокустан атып алды. Ал дароо ооруканага жеткирилгенин, абалы дурус экенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Баш калаа четиндеги Дордой, Энесай конуштарында түрмөдөн качкан кылмышкерди издөө бүгүн эртең менен кайра улантыла баштады. Кечээ башталган операция түнкү саат экиде токтотулган.

12-октябрга караган түнү №50 абакта отурган 9 киши үч кызматкерди өлтүрүп качып кеткен. Бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө издөөгө алынган. Жума күнү алардын экөө Дордой конушунда жүргөнү аныкталып, Данияр Кадыралиев аттуу кылмышкер милициянын огунан өлгөн. Анын шериги Азамат Мүсүралиев изин жашырганга үлгүргөн. Дагы экөө кайда экени белгисиз. (SE)

XS
SM
MD
LG