Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Иранда мечиттеги кол салуудан эки адам өлдү


Иранда Ашураны белгилешүүдө

Иранда Ашураны белгилешүүдө

Ирандагы шииттер мечитинде болгон аткылоодон эки адам каза таап, экөө жарадар болду. ИРНА расмий агенттиги кабарлагандай, окуя жума күнү кечинде Хузестан провинциясындагы Дизфул шаарында болду. Маалыматка караганда, унаада өтүп бараткан адам мечиттин жанына диний Ашура өнөктүгүнө топтолгон кишилерге ок ачкан.

Хузестан провинциясында жашагандардын көбү суннит арабдар. Бул аймакта соңку жылдары бир канча ирет диний касташуулар болду.

Ушул эле күнү Сауд Арабиясында да Ашура белгилеп жаткан шииттер арасынан беш адам набыт кетти. Ага жоопкерчиликти сунниттерден турган экстремисттик топ өзүнө алды.

Ашура – диний жөрөлгө. Жетинчи кылымда бул күнү Кербалада Мухаммед пайгамбардын небереси Имам Хусейн душмандары тарабынан өлтүрүлгөн.

Ашура жөрөлгөсүндө эркектер өзүн миздүү куралдар менен сабап, кан чыгарышат. Бул өнөктүктү негизинен шиит-мусулмандар аткарат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG