Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

“Республика – Ата-Журттун” айрым талапкерлери сотко кайрылды


“Республика – Ата-Журт” партиясынын айрым талапкерлери тизмедеги талаш маселеден улам сотко кайрылышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Аталган партиянын тизмеси менен парламентке ат салышып, бирок шайлоо өткөндөн соң тизмеден алынган онго жакын талапкер 16-октябрда Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Алар тизмеден чыгууга өз колдору менен арыз жазбаганын айтып нааразы болушкан.

Бир күн мурда парламенттик шайлоодо утуп чыккан алты партия БШКга такталган тизмесин тапшырган. “Республика-Ата-Журт" партиясы 70ке жакын талапкерин тизмеден чыгарган.

Үгүт өнөктүгү башталарда аталган партиянын талапкерлери жетишерлик добуш албаса, тизмеден чыгарын айтып ант ичишкен.

“Республика Ата-Журтка” Жогорку Кеңеште 28 мандат тийген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG