Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Бишкекте кылмышкерди издөө натыйжа бере элек


Абакта кызматкерлерди өлтүрүп качып кеткендерди издөө бүгүн Бишкектин Дордой, Энесай конуштарынан сырткары, Көк-Жар аймагында да жүргүзүлдү. Азырынча эч ким кармала электигин Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Издөө иштери улантыла бермекчи.

12-октябрга караган түнү №50 абакта отурган тогуз киши үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып качып кетишкен. Бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө издөөгө алынган.

Кечээ алардын экөө Дордой конушунда жүргөнү аныкталып, бирөө атып өлтүрүлгөн.

Учурда үч кылмышкердин кайда экени белгисиз. Алар абактан качып баратып жарадар кылган кызматкер да кечээ ооруканада каза тапты. (SE)

XS
SM
MD
LG