Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

“Тез жет” учагы коно албай асманда бир жарым саат учту


Бүгүн эртең менен саат сегизде Бишкектен Ошко багыт алган учак катаал аба ырайынан улам аэропортко коно албай, артка кайтты. Жарым жолдон кайра Ошко жөнөп, бир жарым сааттык учуудан соң жерге конду. Бул тууралуу “Азаттыкка” учактагы жүргүнчүлөр кабарлады.

Жүзгө жакын адам менен бараткан БАе-146 үлгүсүндөгу учак “Тез жет” авиакомпаниясына таандык. Компания аба ырайына байланыштуу ушундай кырдаал жаралганын айтып, жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады.

Бишкек-Ош каттамында учуу мөөнөтү 45 мүнөттү түзөт.

"Тез жет" 2012-жылдын 1-августунан тарта уча баштаган жана 1990-жылкы британиялык БАэ–146-200 учагына ээлик кылат. Негизинен ички каттамдарды аткарат. (SE)

XS
SM
MD
LG