Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Өзбек-тажик чек арасында эки адам окко учту


Өзбекстандын Самарканд облусу менен Тажикстандын Согди облусу чектешкен аймакта өзбек чек арачысы аткан октон эки тажик жараны мүрт кетти. Маалыматка караганда, тажикстандык беш чабан адашып Өзбекстандын аймагына кирип кеткен учурда аскерлердин огунан мерт болгон. Үчөө жараат алып, ооруканага түшкөн.

Окуя узаган аптанын аягында болгону айтылууда. Тажик чек ара кызматы иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Өзбек тарап комментарий бере элек.

Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тилкеси 1400 километрди түзөт. Каттоо виза режиминде жүргүзүлөт.

Мамлекеттер ортосуна тикендүү зым тартылган. Бирок айрым жерлерге чек ара аймагы экени тууралуу эч кандай белги коюлган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG