Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Аба ырайы: үшүк жүрөт


Кыргызстандын ушул күндөрү туруксуз аба ырайы болот. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектерине, тоолорго кар түшөт. Тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот.

Мындай аба ырайы айыл чарбада түйшүк жаратып, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

19-20-октябрь күндөрү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрөт.

19-октябрга карата аба ырайы

Түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаайт, тоо этектерине жана тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,

Баткен облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 11...16,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 4...9,

Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5°болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 3…5, күндүз 9…11° жылуу болот

XS
SM
MD
LG