Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

“Республика Ата-Журттун” тизмесинен алынгандарга каршы акция өттү


Бишкектин Биринчи Май райондун сотунун алдында “Баатыр ордо” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү “Республика Ата-Журт” партиясы менен шайлоого катышып, кийин тизмеден алынган талапкерлерге каршы митинг өткөрүштү. Бүгүнкү акцияга элүүдөн ашуун адам катышты. Алар талапкерлер шайлоо алдында тизмеге байланыштуу берген антты аткарышы керек деген талап коюшту.

Аталган партия менен парламент депутаттыгына ат салышып, бирок шайлоо өткөн соң тизмеден алынган сегиз талапкер сотко кайрылган. Алар тизмеден чыгууга өз колдору менен арыз жазбаганын айтып жатышат. Иш бүгүн сотто каралууда. Нааразы тарап 16-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына да чыгышкан. Партия жетекчилиги болсо алар арызды өздөрү жазган деп ишендирүүдө.

“Республика Ата-Журт" партиясы 70ке жакын талапкерин тизмеден чыгарган.

Үгүт өнөктүгү башталарда талапкерлер жетишерлик добуш албаса, тизмеден чыгарын айтып ант ичишкен.

“Республика Ата-Журтка” Жогорку Кеңеште 28 мандат тийген. (SE)

XS
SM
MD
LG