Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Мисирде парламенттик шайлоо өтүп жатат


Мисирде мурдагы президент Мухаммед Мурси тактыдан кулатылгандан бери алгач ирет парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүнүн биринчи туру 18-19-октябрга белгиленген. Экинчи айлампасы 22-23-ноябрда өтөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы декабрда маалымдалат.

Жарандар биринчи турда парламенттин төмөнкү палатасына 596 депутатты тандашы керек. Талапкерлердин саны беш миңден ашат. Анын 417си аялдар. Депутаттыкка аттангандардын басымдуусу азыркы президент Абдил Фаттах ас-Сисинин жактоочулары.

Коомдук коопсуздукту 185 миң полиция көзөмөлгө алган. Бийлик бул шайлоо демократияга багыт алуунун акыркы баскычы болорун билдирген.

Мисир 2012-жылдан бери парламентсиз жашайт. Шайлоо өткөрүү алгач 2014-жылдын башына пландаштырылып, кийинчерээк жылдырылган.

Мурдагы президент Мухаммед Мурси 2013-жылы тактыдан кулатылган. (SE)

XS
SM
MD
LG