Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Ошто журналисттер экология темасын чагылдырууну окушту


Бул тууралуу “Азаттыкка” ЕККУнун кеңсесинен кабарлашты. 15-октябрдан бери Ош шаарында өтүп жаткан экологиялык журналистика боюнча фестивалга Тажикстан жана Кыргызстандан 30дан ашык кабарчы катышты. Алар Фергана өрөөнүндөгү экологиялык көйгөйлөрдү чагылдырууну, айлана-чөйрөнү коргоону чагылдырууну үйрөнүштү. Кыргыз жана тажик журналисттери жаратылышты рационалдуу пайдалануу жана табигый кырсыктарды алдын алуу тууралуу макала жазуу боюнча адистерден кеңештерди алышты.

«Регионалдык экологиялык журналистика» фестивалдын алкагында журналисттер Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Кокту айылындагы Тоомоюн уран калдыктары сакталган жайдын абалы менен таанышып, анын экологиялык зыяндуулугу тууралуу маалымат алышты.

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси өткөргөн экофестивалда Кыргызстандын жана Тажикстандын Орхус борборлору жыл башында жарыялаган экологиялык журналистика боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. (ErN)

XS
SM
MD
LG