Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Черногорияда полиция митингчилерге көздөн жаш агызчу газ колдонду


Черногориядагы нааразылык митинги, 17-октябрь, 2015-жыл.
Черногориядагы нааразылык митинги, 17-октябрь, 2015-жыл.

Черногория полициясы өкмөттүн отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган оппозиция өкүлдөрүнө көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Оппозиция лидерлери жана алардын жүздөгөн тарапкерлери 17-октябрдын кечинде Подгорица аймагына чогулган. Демонстранттар полициянын жандуу тосмосун күч менен ачып өтүүгө аракет кылган кезде тартип сакчылары көздөн жаш чыгарган газ колдонду.

Черногориядагы негизги оппозициялык блок саналган “Демократиялык фронттун” нааразылыгы өткөн айда башталып, парламент имаратынын алдына чатырларды тигип алышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG