Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Одессада кеме кырсыгында өлгөндөр 14кө жетти


Кара деңиздеги кеме кырсыгында каза болгондордун саны 14кө жетип, эки киши дайынсыз экенин Украинанын маалымат булактары Чукул кырдаалдар министрлигине шилтеп кабарлады. Мурдараак 12 адам өлүп, бирөө табылбай жатканы айтылган.

Украинанын Одесса облусундагы кеме кырсыгына байланыштуу 18-октябрь аймакта аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кырсык Кара деңизде, Заток конушунун аймагында ишемби күнү болду. Расмий кабарларга караганда, “Иволга” деп аталган жүргүнчү ташуучу катер жээкке 300 метр калган учурда чөгө баштаган. Бортто 36 адам болгон. Техникалык документтер боюнча аталган катер 15 кишиге гана ылайыкташкан.

Украина Ички иштер министрлиги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. (SE)

XS
SM
MD
LG