Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Ош: нотариустар документтерди архивге тапшырууга милдеттендирилди


Бул тууралуу Ош аймактык юстиция башкармалыгынан кабарлашты. Ош облусунда жана Ош шаарында өткөн тренингде мамлекеттик жана менчик нотариустун 40тан ашык кызматкери мыйзамдык актылар жана жаңы эрежелер менен таанышты.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, алар эми ар бир жүргүзгөн ишинин документтеринин көчүрмөсүн мамлекеттик нотариалдык архивге кечиктирбей тапшырышы керек. Юстиция башкармалыгынын жетекчилиги мындай чара жасалма документтерге бөгөт коёрун айтат.

Ошто буга чейин менчик нотариустардын жардамы менен документтерди бурмалап, кылмышка барган бир нече факты катталган. Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын кайниси Нурсултан Акимбаев Ош шаарында эки батирдин документтерин нотариус аркылуу тууралап, шылуундук менен сатып жиберген деп шектелүүдө. Буга байланыштуу сот иши бир жылдан бери аяктай элек. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG