Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

Кытай-Өзбекстан багытында поезд каттай баштады


“Синхуа” агенттиги Кытай менен Өзбекстанды байланыштырган поезд каттамы 16-октябрдан тарта ишке киргенин кабарлады. Кытайдын чыгышындагы Бинжоу шаары менен Ташкенттин ортосундагы каттам аптасына бир жолу болот. Анда негизинен жүк ташылат.

Поезд 5630 километр жолду Казакстан аркылуу өтүп, жети күндө дарегине жетет.

Кытай бийлиги бул каттам Борбор Азия менен экономикалык катышты дагы бекемдейт деп ишендирүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG