Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 23:50

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонундагы үй-бүлөлүк жатаканалардын биринде жашаган Дилара Жолдошбаева билдирди. 30-40 жылдан бери калаада жашап, каттоосу жоктугунан чек ала албай келген ички мигранттар Кара-Суу районунун Ачы массивинен жер тилкеге ээ болушту.

Бул массив Ош шаарынын жакасында болгондуктан, жатакананын 200 жашоочусу эми өзүн шаардык катары сезээрин айтышат. Алар буга “Эдвокаси” укук коргоо уюмунун юридикалык жардамы аркылуу жетишкен.

Ош шаарында 237 миң ички мигрант бар. Алар негизинен шаардагы үй-бүлөлүк жатаканаларда жашаса дагы 1990-жылдан бери калаа тургуну катары каттала алышпай келет. Алар мунун айынан бир топ укуктарынан толук пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG