Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:44

Ирандын ядролук келишимди аткаруусуна айлар керек


Мындай пикирин АКШнын расмий адамдары билдиришти. Алардын айтуусунда, келишимге кол коюлгандан 90 күндөн кийин, 18-октябрда келишимди “толук кабыл алуу күнү” болду. Бул күнү Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Иранга карата кабыл алынган санкцияларды алып салуу боюнча чараларды көрүүнү өкмөтүнө тапшырды.

Алты ири мамлекет жана Ирандын ортосунда Венада жетишилген келишимге ылайык Иран ядролук программасын чектесе, калган мамлекеттер ага киргизилген санкцияны ала баштайт. Иран парламенти да келишимди ратификациялады.

АКШ баш болгон батыш мамлекеттери Ирандын программасы курал жасоого багытталган десе, Иран аны четке кагып келген. Эки жылга жакын убакытка созулган сүйлөшүүдөн кийин тараптар келишимге жетишкен болчу. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG