Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Орусиянын аскер учактары Сирияда бомбалоону улантышты


Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымдоосуна караганда, акыркы 24 сааттын ичинде алардын аскердик учактары 39 жолу учуп чыгып, "Ислам мамлекети" тобуна караштуу жерлерге 51 сокку урду. Соккулар Хама, Латакия, Дамаск жана Алеппо региондоруна урулууда.

Орусиянын Сириядагы аскердик операциясы 30-сентябрда башталган. Андан бери Сириянын аскерлери бир топ күчтөнүп, бир нече багыттар боюнча чабуулга өтүштү.

17-октябрда өкмөттүк күчтөр Алеппо провинциясында үч айылды ээлегени кабарланды. Алеппонун жарымын президент Башар Асаддын күчтөрү көзөмөлдөсө, калган бөлүгү куралдуу оппозициянын колунда.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG