Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Германиянын канцлери Түркияга келди


Ангела Меркел Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, мигранттар маселеси боюнча сүйлөшүү өткөрүүдө.

Жакынкы Чыгыштан Европага агылган мигранттар Германия мамлекетин да түйшүккө салууда. Бул жылы Германияга келе турган мигранттардын саны 800 миңден 1 миллионго жетери күтүлүүдө.

Европа биримдиги мигранттардын агымын азайтуу үчүн Түркияга 3 млрд. евро жардам берүүнү көздөөдө.

Канцлер Ангела Меркелдин түрк бийлик башчылары менен сүйлөшүүсүндө Түркиянын Европа биримдигине кошулуусу жана виза режимин жеңилдетүүгө байланыштуу маселе да көтөрүлүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG