Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Пушкиндин "Болдин күзү” Ошко келди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарындагы орус маданий борборунун жетекчиси Занфира Мискичекова кабарлады. 18-октябрда аталган борбордун базасында Александр Пушкиндин “Болдин күзү” чыгармаларына саякат жасалды.

Анда шаардагы Макаренко, Нариман, Киров, 27-мектептин жана Гапар Айтиев көркөм сүрөт мектебинин окуучулары орус классик акынынын чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган инсценировкаларды тартуулашты. РГСУнун Оштогу филиалынын жана ОшМУ, ОшТУнун студенттери да чакан пьесаларды койду.

Андан сырткары бул күнү “Пушкиндин жомоктору балдардын көзү менен” аттуу сүрөт жана кийим-кече конкурсу да өттү. Салтанатка Орусиянын Оштогу консулдугунан жана Кыргызстандын маданият министрлигинен да өкүлдөр катышты.

Адабиятта “Болдин күзү” деп аталган учур Александр Пушкиндин эң жемиштүү мезгили катары сыпатталат. 1830-жылдын күз айында ал Болдин айылында “Евгений Онегин”, “Белкин повесттери”, “Коломнадагы үй” чыгармаларын жана 30дай ырын жазган. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG