Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Оштун жер алдындагы таза суу түтүктөрү эскирди


Ош шаарынын алдынан өткөн суу түтүктөрүндө жыл сайын 60тан ашуун иштен чыгуулар болуп турат. Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмоновдун маалымдашынча, эскирген суу түтүктөрүн толук алмаштырбаса жаңы асфалтталган жолдор да бузула берет, анткени суу түтүктөрү шаардагы автожолдордун алдынан өткөрүлгөн.

Маалыматка караганда, быйыл болгону 5 километр гана суу түтүк шаар казынасынын эсебинен алмаштырылган.

Ош шаарында жер алдында 500 чакырым суу түтүгү бар. Алардын орнотулганына 50 жылдан ашты. Ошол убакыттан бери да бир да жолу алмаштырыла элек.(YI)

XS
SM
MD
LG