Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Германияда PEGIDA кыймылынын көчө жыйынына көп адам келери күтүлүүдө


PEGIDAнын Дрезден жыйыны. 13-апрель, 2015-жыл.

PEGIDAнын Дрезден жыйыны. 13-апрель, 2015-жыл.

Бүгүн Дрезден шаарында исламдашууга каршы кыймыл түзүлгөнүнүн бир жылдыгына арналган демонстрацияга миңдеген адам келерин полиция болжолдоп жатат.

PEGIDA- Патриот европалыктар Батыштын исламдашуусуна каршы кыймылы буга чейин да бир нече демонстрацияларды өткөрүп, чек араларда көзөмөлдү күчөтүүгө, алар мүнөздөгөндөй Европа өлкөлөрүнүн исламдашуусун, Жакынкы Чыгыштан качкындардын агымын азайтууга чакырып келатышат.

Пегидачылар Германия мусулман качкындар үчүн ачык эшик саясатын жүргүзүп жатканына нааразы.

Бүгүнкү демонстрация алдында немец канцлери Ангела Меркел кечээ Түркияга барып, расмий Анкаранын миграция кризисин жөнгөрүүгө жардам берип жатканын кубаттады жана Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу жөнүндөгү узактан берки мүдөөсүн алга жылдырууну убада кылды.

Германия - Европанын Түркия жана Балкан аркылуу өткөн качкындар жайгашууну каалаган биринчи өлкөсү.

Быйыл андан башпаанек сурагандар саны бир миллионго чейин жетери күтүлүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG