Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

Абактан качкандарды жашыргандар мыйзам жоопкерчилигине тартылат


Абактан качып, карматпай жүргөн качкындарды жашырып же алардын жашынган жерин билип туруп, ал тууралуу тиешелүү кызматтарга билдирбеген жарандар мыйзам жоопкерчилигине тартылышат. Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Тургунбаев билдиргенин ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Милициядан кабарлашкандай, абактан качкандарды издөө иштери уланууда.

11-октябрь түнү Бишкекке жакын жердеги №50 абактан тогуз киши качып чыккан. Ошол эле күнү оперативдүү аракеттердин натыйжасында бешөө кармалган. Качып кеткен төртөөнүн экөө 16-октябрь күнү Энесай жаңы конушундагы ээсиз үйлөрдүн биринде жашынып жатканы белгилүү болгон. Качкындарды кармоо учурунда издөөдөгү Данияр Кадыралиев милицияга куралдуу кол салганы үчүн атып өлтүрүлгөн, экинчиси Азамат Мүсүралиев качып кетүүгө үлгүргөн.

Абактан качкандар үч түрмө кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып качып чыгышкан. Жарадар болгон кызматкер алган жаратынан улам ооруканада эсине келе албай, 16-октябрда каза тапты.

Учурда абактан качып чыккан үч киши: Алтынбек Итибаев, Эдил Абдырахманов жана Азамат Мүсүралиев издөөдө. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG