Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

“Республика-Ата Журт” партиясы да сотко кайрылат


"Республика Ата Журт" тизмеден чыгарылган талапкерлер мурда жазган арызын танып, аны жокко чыгаруу менен партиянын аброюна шек келтирип жатканын ырастап, сотко кайрылууну көздөөдө.

Мындан тышкары “ИИМге жана Башкы прокуратурага такталбаган маалыматтар боюнча мыйзамсыз кылмыш иши козголгонуна байланыштуу тосмо арыз жазыларын” “Республика Ата-Журт” партиясынын басма сөз кызматы ырастады.

Партия өкүлдөрүнүн соттук доо арызында талапкер Аида Исмаилованын депутаттык мандаттан баш тартары тууралуу антка кол коюп жаткан учуру тартылып алынган видеотасма кошо тиркелет.

Видеотасмада талапкер тиешелүү өлчөмдөгү добуш ала албай калса, партия тизмесинен кетери тууралуу айтып жаткан жери бар. Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Аида Исмаилова өзүнүн округунан да зарыл добушка ээ боло алган эмес. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG