Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 03:58

Нарымбаев: Коркмазовдун айткандары калп


“Мен эч кандай пара талап кылган да, алган да эмесмин. Мунун баары жалган жалаа” деди Данияр Нарымбаев көрсөтмө берип жатып. Анын айтуусунда, камакта жаткан Нариман Түлеев катасын мойнуна алып, президенттен кечирим сураган:

-Бул тууралуу мен өз кезегинде мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге айткам. Президент Түлеевдин ырайым суроого укугу бар экенин билдирген болчу. Мен Коркмазов менен 20 жылдан бери таанышмын, бирок дос эмесмин. Болгону 2-3 жолу бильярд ойногонбуз.

Биринчи Май райондук сотунда Хажимурат Коркмазов менен Данияр Нарымбаевдин коррупциялык ишине байланыштуу сот отуруму жүрүп жатат. Азыр Данияр Нарымбаев мамлекеттик айыптоочунун суроолоруна жооп берүүдө.

Мурдараак Хажимурат Коркмазов көрсөтмө берип, Нарымбаев Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылган деп билдирген.(UEz;ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG