Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Нарымбаев: Турсунбеков менен Түлееванын жолугушуусу президент менен макулдашылган


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

“Анткени КСДПга шайлоо алдында упай керек эле”, - деп билдирди Данияр Нарымбаев соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочунун суроосуна жооп берип жатып.

Нарымбаев бүгүнкү көрсөтмөсүндө камакта жаткан Нариман Түлеевдин мүлкүн коргоо боюнча да президент менен сүйлөшүлгөнүн билдирген болчу.

"Тергөө мага башынан далилсиз күнөө коюп каралап келе жатат", деп айтты Нарымбаев.

Камакта жаткан Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева Түлеевдердин мүлкүн коргоп берүү үчүн 50 миң доллар пара талап кылып жатканын айтып чыккан. Бул ишке КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун да тиешеси бар деп айтылып келген.

Биринчи Май райондук сотунда Хажимурат Коркмазов менен Данияр Нарымбаевдин коррупциялык ишине байланыштуу сот отуруму жүрүп жатат. Азыр Данияр Нарымбаев мамлекеттик айыптоочунун суроолоруна жооп берүүдө. Мурдараак Хажимурат Коркмазов көрсөтмө берип, Нарымбаев Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллардан ашуун пара талап кылган деп билдирди.(UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG