Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Коркмазов менен Нарымбаевдин соту 22-октябрда уланат


Бүгүнкү сот жараянында айыпталуучулар Данияр Нарымбаев менен Хажимурат Коркмазов көрсөтмө беришти. Коркмазов Нарымбаев Түлеевдин кызынан 200 миң доллардан ашуун пара талап кылганын айтты:

-50 миң долларды мүлкүн сактап калуу үчүн сураган, аны алып барып бергем. Андан кийин дагы 100 миң долларлык батир сурап, андан тышкары дагы 100 миң доллар талап кылган,- деп билдирди Хажимурат Коркмазов. Анын ырасташынча, Түлеевдин жакындары Нарымбаевден ишти бүтүрүүсүн же акчаны кайтаруусун талап кылышкан. Коркмазов Нарымбаев менен Чолпон-Атада жолугуп, акча тууралуу айтканын кошумчалады.

Данияр Нарымбаев өзүнө коюлуп жаткан айыптын баары негизсиз деп белгилеп, өзүнүн күнөөсүз экенин билдирди. Ал мамлекеттик айыптоочунун суроосуна жооп берип жатып:

-Мени жемкорлуктун символуна айландырып алышты. Мен сот адилеттигине ишенем жана күнөөсүз экенимди далилдейм, -деп айтты.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев абакта жаткан Нариман Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар пара талап кылган деген айып менен камакка алынган.

5-октябрдагы соттук жараянда Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл, агасы Бакыт менен иниси Нарынбек суралган. Назгүл Түлеева кылмыш ишти жеңилдетүү максатында Нарымбаев пара талап кылынганын билдирген.

Быйыл 15-июлда Коркмазов камакта отурган Түлеевдин ишин жеңилдетүү максатында анын жакындарынан 200 миң доллар пара сурап, 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул ишке Данияр Нарымбаевдин да катышы бар экени айтылып, ал 22-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган.(UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG