Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Кыргызстандык ишкерлер Кытайдагы ири жарманкеге катышууда


Кыргызстандык ишкерлер Гуанчжоу шаарында өтүп жаткан Canton Fair 2015 жарманкесине катышууда. Анда курулуш материалдары жана үй тиричилик буюмдары, айыл чарба техникалары, авто тетиктер жана заманбап техникалык жабдуулар коюлган. Жарманке катышуучулары жаңы буюмдар менен жакындан таанышып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

15-октябрдан ноябрдын башына чейин Гуанчжоу шаарында өтүүчү Canton Fair 2015 жарманкеси - бир жылда эки жолу өткөрүлүүчү товарларды импорттоо жана экспорттоо боюнча Кытайдагы эң чоң көргөзмө. Аталган жарманке Кытай өнөр жайынын витринасы жана Кытайдын тышкы соода барометри катары айтылып жүрөт.

Үч сессиядан турган жарманкенин ар бир этабына 150 миңден ашуун товардын түрү коюлуп, ага күнүнө 100 миңден ашуун адам катышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG