Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Ошто ажыга кеткендердин акыркы тобу кайтып келди


Бул тууралуу Ош областтык казыяттан маалымдашты. Бүгүн Сауд Арабияга ажылык сапарга кеткен кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу Ош шаарына кайтып келди. Ош шаары жана Ош облусунан Мекеге кеткен 1 421 зыяратчы түгөл келип бүттү.

Ажылар Жидда-Ош, Ош-Медина багыты боюнча 28-сентябрдан бери учуп келишүүдө. Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга алгач 3 685 киши кеткен. Андан соң дагы 500 квота бөлүнгөн.

Бул ирет Мекеде бир нече кырсык катталып, жүздөгөн зыяратчылар каза болду. Муфтият кыргызстандык ажылардын баары аман-эсен экенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG